Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VI-сессиясы

2021-жылдын 12- октябры № VI-5

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоону мыйзамдуу жана уюшкандыкта өткөрүү максатында Гулистан айылдык кеңешинде убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор болүп өтөт. Гулистан айылдык аймагындагы бардык шайлоо участкаларында шайлоону тынч, мыйзамдуу жана уюшкандыкта өткөрүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоону уюшкандыкта жана мыйзам чегинде өткөрүүнү көзөмөлдөө үчүн, Гулистан айылдык кеңешинин депутаттарынан төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

1. Тойчиев Толкун – убактылуу комиссиянын төрагасы;

Мүчөлөрү:

2. Шакиров Сайфулло

3. Абдиллажанов Мансур

4. Абдирахимов Сирожидин

5. Каимов Бахтияр

6. Маматкулов Нурмухамад

7. Маражапова Макпират.

 

2. Жаңыдан түзүлгөн убактылуу комиссия мүчөлөрүнө төмөндөгү шайлоо участкаларын көзөмөлдөө тапшырылсын:

1. Тойчиев Толкун (жалпы көзөмөлдөө);

2. Абдирахимов Сирожидин (№ 5400 “Фрунзе”);

3. Маражапова Макпират (№ 5401 “Самиев”);

4. Маматкулов Нурмухамад (№ 5402 “Гафур Гулям”);

5. Каимов Бахтияр (№ 5403 “Чили-Сай”);

6. Шакиров Сайфулло (№ 5525 “Таштак”);

7. Абдиллажанов Мансур (№ 5593 “Бостон”)

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Ахмаджанова Махфузага тапшырылсын.

 

Төрага:

У. Мирзакулов