ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 10- ноябры № VII-1
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин элдер менен жолугушуусуна бардыгына бирдей шарттарды түзүп берүү боюнча, Гулистан айыл өкмөтүнүн токтомунун чечимин бекитип берүү жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун уюшкандыкта өткөрүү жана бардык талапкерлерге элдер менен жолугуусуна бирдей шарттарды түзүп берүү боюнча, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 76-токтомунун чечимин бекитип берүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун уюшкандыкта өткөрүү жана бардык талапкерлерге элдер менен жолугуусуна бирдей шарттарды түзүп берүү боюнча, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 76-токтомунун чечимдери бекитилсин. (Токтом тиркелет).
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди элдер менен жолугушу үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн залын ижарага берүү боюнча бардык талапкерлерге бирдей, бир жолугушууга - 4000 (төрт) миң сом өлчөмүндөгү тарифи бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
| Тиркеме |
02-ноябрь 2021-ж. | ФРУНЗЕ АЙЫЛЫ |
ТОКТОМ | № 76 | ПОСТАНОВЛЕНИЕ |
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерге элдер менен жолугушууга бардыгына бирдей шарттарды түзүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 28-ноябрь күнү боло турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта өткөрүү жана бардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүп берүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин элдер менен жолугушуусуна бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүп берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүн депутаттыкка талапкерлер менен элдердин жолугушуусуна уруксат берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн маданият үйүн талапкерлер менен жолугушуусу үчүн керектүү шарттарды түзүп берүү жагы маданият үйүнүн жетекчиси Д. Иминжановага милдеттендирилсин.
4. Маданият үйүнүн ижара акысы үчүн бир жолу жолугушуу өткөрүүгө 4000 (төрт миң) сом менен келишим түзүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун чечимин бекитип берүү жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынан суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Башчы: | Э. Шаназаров |