ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 10- ноябры № VII-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилгенине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн борбордук футбол стадионунун чыгыш тарабын реконструкциялоо боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында айыл өкмөтүнүн борбордук футбол стадионун чыгыш тарабынын реконструкциялоо иштери 2022-жылдын планына киргизилген. Айыл өкмөтүнүн борбордук футбол стадиону 1985-жылы курулган болуп, 2019-жылда мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен батыш тарабы реконструкцияланган. Бул стадиондо Ноокат районунун борборуна жакын жайгашканына байланыштуу район масштабындагы бардык спорттук мелдештер жана маданий иш чаралар өткөрүлөт. Гулистан айылдык кеңеши борбордук футбол стадионунун реконструкциялоо иштерин жүргүзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын негизинде 2022-жылда борбордук футбол стадионунун чыгыш тарабында реконструкциялоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн борбордук футбол стадионун чыгыш тарабын реконструкциялоо - долбооруна өздүк салым үчүн 2022-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 (үч жүз) миң сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
|