ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы
2022-жылдын 22- январы № VIII-3
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2021-жылдагы аткарган иштерин, 2022-жылга бюджетин, жайыт акы тарифтерин жана ички тартип эрежелерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2021-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти 210 миң сом болсо, аткарылганы 392 миң сомду түзгөн, башкача айтканда бюджет 185,7% га аткарылган. Айыл Өкмөтү жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү киргизген. Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2022-жылга белгиленген бюджети бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
3. Жайыт комитетинин 2022-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана ЖПБнин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.
4. 2022-жылга карата ЖПБнин 2021-жылдын 30-ноябрындагы жалпы жыйынында сунушталган ички тартип эрежелери жана жайыт акы тарифтери бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет).
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
| Гулистан айыл кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги VIII-3-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме. |
Бекитем: Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:____________Мирзакулов У. | Макулдашылды: Гулистан айыл өкмөтунун ФЭБ Башчысы __________Таштемиров Ш. |
Гулистан ЖПБ нин 2022 жылга бюджети.
Киреше булагы
№ | Малдын түрү | Саны | Мал-жандыктын жайытта жүрүү убагы | Бир башка сезонго жайыт акысы, сом | Жалпы суммасы (сом) |
1 | Кара мал жыл ичинде | 1100 | 3 ай | 90-0 | 99.000 |
| торпок | 200 | 2 ай | 30-0 | 6.000 |
2 | Жылкы | 100 | 5 ай | 150-0 | 15.000 |
| тай | 40 | 3 ай | 45-0 | 1.800 |
3 | Кой | 1000 | 5 ай | 90-0 | 90.000 |
| Козу | 400 | 3 ай | 27-0 | 10.800 |
4 | Эчки | 100 | 5 ай | 125-0 | 12.500 |
| улак | 40 | 5 ай | 45-0 | 1.800 |
| Жалпы жайытка мал багуудан |
|
|
| 236.900 |
5 | Жайытты башка максатта пайдалануу (бак, эгин айдоо, тоют даярдоо даары чөп жыйноо,туризм ж.б.) |
|
|
|
33.100 |
| Жалпы жайыт пайдалануудан |
|
|
| 270.000 |
| Техникадан түшкөн төлөмдөр | 2 | 12 ай | 20000 | 240000 |
7 | Жалпы киреше |
|
|
| 510.000 |
8 | Башка кирешелер (спонсор,инвестиция, ж.б.) |
|
|
|
|
Чыгаша бөлугу
№ | Мазмуну | Бир айга (сом) | Кварталдар менен | Жалпы суммасы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | ||||
1 | ЖПБнын төрагасынын эмгек акысы | 6700 | 20100 | 20100 | 20100 | 20100 | 80.400 |
2 | ЖПБнын эсепчисинин эмгек акысы | 5000 | 15000 | 15000 | 15000 | 15000 | 60.000 |
3 | ЖПБнын инспекторлорунун эмгек акысы | 3500 | 10500 | 10500 | 10500 | 10500 | 42.000 |
4 | Транспорт чыгымы (АИ) |
| 2000 | 7000 | 5000 | 4000 | 18.000 |
5 | Проектилерди колдоо |
|
|
|
|
|
|
6 | Жайыт салыгы |
|
|
|
|
| 0 |
7 | Соц. төлөм 17,25% |
| 7850 | 7850 | 7850 | 7850 | 31.400 |
8 | Сатуудан тушкөн салык 3% |
|
| 2700 | 2700 | 2700 | 8.100 |
9 | Ж. б. Чыгымдар (канц.товар) |
| 1000 | 1000 | 1000 | 1000 | 4.000 |
10 | Жайыт инфраструктурасына |
|
| 45000 | 45000 | 36100 | 126.100 |
11 | А/о техника алууга салымын учун төлөө |
| 35000 | 35000 | 35000 | 35000 | 140.000 |
| Жалпы чыгым |
|
|
|
|
| 510.000 |
Гулистан ЖПБнин төрагасы: кол тамгасы | О.Сабиров |
Бухгалтери: | Р.Сагынбаев |
| Гулистан айыл кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги VIII-3-сессиясынын токтомуна № 2-тиркеме. |
“Бекитем” Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:____________У. Мирзакулов |
|
Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы жалпы жыйналышында кабыл алган ички тартип эрежелери жана административдик чара көрүүлөр
1. Ички жайытка мал-жандык көчүү 2022-жылдын 20-марттан 10-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 01-майдан 01-июньга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сеньтябрдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.
2. 2022-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин. Мал ээлерине короосундагы малдардын көзөмөлдөөсү күчөтүлүүсү эскертирилсин.
3. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.
4. Гулистан айыл аймагынын айылдарында жана калктуу конуштарында 2022-жылдын 10-апрелинен баштап бада уюштурулсун.
5. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 баш ат, 1 баш саан уй, 10 кой-эчки алып калууга уруксат берилсин.
6. Гулистан ЖПБне бекитилген жайыт жерлерине уруксатсыз мал-жандык жайган башка райондун, айыл өкмөттөрдүн жайыт пайдалануучулары тарифте көрсөтүлгөн жайыт акыны 2 (эки ) эсе өлчөмдө төлөөсү милдеттендирилсин.
7. Дыйкандардын эгинине түшүп, камакка алынган ар бир малга түрүнө карабастан акчалай 1000 (бир миң) сом айып салынсын.
8. Айыл тургундары, малчы койчулар жайыттарга көчүү, конуу, кайтуу эрежелерин, ветеринардык аныктамасыз жайытка мал чыгаруу жана мөөнөттөрүн сактабаса, ошондой эле бада кайтаруу тартибин бузгандарга Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексинин тийиштүү беренелерине жараша айып пул салынып, жоопкерчиликке тартылары айыл башчылары аркылуу эскертилсин.
9. Ушул эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссиясына жүктөтүлсүн.
Гулистан ЖПБ жайыт комитети төрагасы: | О. Сабиров |
| Гулистан айыл кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги VIII-3-сессиясынын токтомуна № 3-тиркеме. |
“Бекитем Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:___________ У. Мирзакулов |
|
Мал жандыктарга жана жайыт жерлерин башка максатта пайдаланууда 2022-жылга жайыт акы тарифтери
1. Бир баш ири муйуздуу малга – 1 айга - 30 сом, сезонго (5 ай) 150 сом.
- Топозго – 1 айга 30 сом, сезонго (7 ай) 210 сом.
2. Бир баш койго – 1 айга -18 сом, сезонго (5 ай) 90 сом.
3. Бир баш эчкиге – 1 айга - 25 сом, сезонго (7 ай) 175 сом.
4. Бир баш жылкыга – 1 айга – 30 сом, сезонго (7 ай) 210 сом.
5. Бир баш торпокко – 1 айга – 15 сом, сезонго (3 ай) 45 сом.
6. Бир баш тайга – 1 айга -15 сом, сезонго (5 ай) 75 сом.
7. Бир баш козуга, улакка – 1 айга – 9 сом, сезонго (4 ай) 36 сом.
8. Жайыт жер салыгы 1 га жерге – 12,70 сом.
Жайытты мал жайуудан башка максаттарда пайдаланууу
1. Кышкы тоюк үчүн чөп оруп алынуучу жайыт жерлерине, мал жайууга тосмолонгон жайыт жерлерине 1 га жерге 1000 сомдон, мөмөлүү бактарга 1 га 2000 сомдон акы алынсын.
2. Жайыт айдоо жерлерин пайдалангандыгы үчүн ар бир гектарына: Суулу айдо жерге -5000 сом, кайрак айдоо жерге – 1500 сом акы алынсын.
3. Жайыт жерлерине салынган үй-жай, короо курулмалары үчүн ар бир сотых жер үчүн -100 сомдон салык алынсын.
4. Эгер, жайыт ресурстарын мал багуудан сырткары багытта пайдалануу (туризм, эс алуу, дары чөптөрдү-жемиштерди терүү, жайыт жерлерин ж.б. максаттарда иштетүү) боюнча арыздар түшсө, айылдык кеңеш тарабынан пайдалануунун түрүнө жараша баалар белгиленсин.
5. Жайыт комитети тарабынан жасалган түтүктөрүн, ноолорду, аншлагдарды, тосмолорду жана мал жайуу графигин, ички тартипти бузуучуларга карата протоколдор түзүлүп административдик чаралар колдонулсун.
Гулистан ЖПБ жайыт комитети төрагасы: | О. Сабиров |