Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы

2022-жылдын 22- январы № VIII-4

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2021-жылда аткарган иштери жана 2022-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” сугат суудан пайдалануучулар уюмунун 2020-жылда бюжетин аткарылышын карап чыгып, сугат суудан пайдалануучулар уюмунун аткарган иштеринде кемичилдиктер көп экендигин аныктап, 2021-жылга бекитилген бюджети 1 млн 71 мин 500 сомду түзсө, аткарылганы 763 000 сом өздөрү тарабынан түзүлгөн бюджетти 71,2 % аткарган. Айыл өкмөтү тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынбаган. Гулистан айыл кенешинин бюджети боюнча туруктуу комиссия “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2022-жылга бюджетин карап чыгып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизди.Гулистан айыл кенеши АСИР суудан пайдалануучулар уюмунун 2022-жылга бюджетин бекитип берүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2021-жылдын бюджетин аткарылышы кемчиликтери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюумунун 2022-жылга бюджети 1 222,500 миң сомго бекитилсин.

3. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун сугат суу кызмат акысы 1 сотых жерине 12 сом белгиленсин.

4. “ АСИР” бекитилген бюджеттин эсебинен 250 миң сом акча каражаты насыя төлөмдөрүнө төлөөгө жумшалсын.

5. “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун аткарып жаткан иштерин туруктуу көзөмөлгө алып, аткарылган иштер жөнүндө Гулистан айыл кенешинин кезектеги сессиясына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссия комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

У. Мирзакулов