ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы
2022-жылдын 22- январы № VIII-9
Гулистан айыл аймагындагы “Кочкор-Ата” участкасына мамлекеттик фонд жеринен (КБФ) мазар үчүн жер участкасын ажыратып берүү боюнча айыл тургундарынын кайрылуу катын жана Гулистан айыл өкмөтүнүн сунушун жетекчиликке алуу боюнча
Аймактагы “Кочкор-Ата” участкасындагы конуштар 2000-жылдардын аягынан баштап жашап келишүүдө. Бул участкада социалдык инфраструктура объктилери азырынча жок. Айыл тургундары участкага мазар үчүн жер ажыратуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылышкан. “Кочкор-Ата” участкасынын жашоочуларынын кайрылуу катын жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ушул маселе боюнча сунуш катын көрүп чыгып талкуулап, Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кочкор-Ата” участкасынын тургундарынын мамлекеттик фонд жеринен (КБФ) мазар үчүн жер участкасын ажыратып берүү боюнча кайрылуу каты жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ушул маселе боюнча берген сунуш каты жетекчиликке алынсын.
2. “Кочкор-Ата” участкасына мазар ачуу иштерин иш жүзүнө ашыруу үчүн керектелүүчу бардык иш кагаздарды даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | У. Мирзакулов |