ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IX -сессиясы
2022-жылдын 10- февралы № IХ-1
Гулистан айыл аймагынын Чон Кыштоо айылынын “Алтын Бешик” дыйкан чарбасына бекитилген үлүш жерлерге кичи ГЭС куруу үчүн пайдаланууга берүү боюнча, мүчөлөрдүн 2022- жылдын 18-январындагы отурумунун №1 протоколун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасындагы электр энергиясына болгон танкыстыкты жоюу максатын көздөп, Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын “Алдыке” калктуу конушунда жайгашкан “Алтын Бешик” дыйкан чарбасына бекитилген үлүш жерлери кичи ГЭС курулуучу аянтка туура келген мүчөлөрүнүн 18.01.2022-жыл отурумунун №1 протоколу менен таанышып жана кичи ГЭС курууну колдоп, Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы кун тартибиндеги маселени талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын “Алдыке” калктуу конушунун “Алтын Бешик” дыйкан чарбасынын үлүш жерлери кичи ГЭС курулуучу аймакка туура келген мүчөлөрүнүн 18.01.2022-жыл отурумунун №1 протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Кичи ГЭС курулушу керек болгон жерлердин жер ээлеринин макулдугу менен, керектүү документтерди даярдап берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго жүктөтүлсүн.
3. Гулистан айыл өкмөтүнө:
1. “Кара-Кой жарыгы” ЖЧК менен Гулистан айыл өкмөтү ортосунда кичи ГЭС куруу боюнча түзүлө турган келишим төмөндөгү жагдайларды эске алуу менен түзүлсүн:
- Жаңыдан курула турган ГЭСтин курулушка уруксат берген мамлекеттик ишканалардын корутундусу болуусу.
- Жаңыдан курула турган ГЭСтин айлана чөйрөгө, экосистемага жана элдерге көрсөткөн таасирин аныктаган мамлекеттик ишканалар жана көз карандысыз эксперттердин корутундусу болуусу.
- Жергиликтүү калктын жана айыл аймагынын кызыкчылгынын эске алуу менен түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |