ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IX -сессиясы
2022-жылдын 10- февралы № IХ-5
Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде (мектептер, балдар бакчалары) болуп жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 4 орто, 1 толуксуз орто мектеби, 2 балдар бакчасы бар. Андан тышкары аймактын балдары кошуна Ноокат шаарындагы Абдуваитов жана Самиев атындагы орто мектептерде билим алышат. Азыркы күндө мектеп окуучуларынын билим деңгээли төмөндөп кеткендиги, мемектептерде билим берүү мурдагы жылдарга караганда анча өзгөргөндүгү боюнча маалыматтар бар. Аймактагы билим берүү мекемелеринде болуп жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде болуп жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү үчүн, айылдык кеңештин депутаттарынан төмөндөгү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
1. Мирзакулов Умаржон – жумушчу топтун башчысы.
2. Абдиллажанов Мансуржон
3. Иминжанова Дилбархан
4. Каимов Бахтияр
5. Маматкулов Нурмухамад
6. Тойчиев Толкинжан
7. Абдирахимов Сирожидин
8. Мамасобиров Мухамаджон
9. Бахралов Тожимахамат
10 Мусурманкулова Юлдузхон
11. Атабалаева Кумушхон
2. Жумушчу топко төмөндөгү иш чаралар тапшырылсын:
- Билим берүү мекемелеринде келтирилген кемчиликтерди жоюуга жардам берүү;
- Мектептеги, балдар бакчасындагы берилүүчү ысык тамактын өз убагында жана өз рационунда берилишин көзөмөлгө алуу;
- Тендер боюнча жеңип алган ишкерлердин берип жаткан азык-түүлүгүн сапатына көңүл буруу;
- Мекептердеги окууга тартылбай калган окуучулар боюнча иштерди жүргүзүү;
- Балдар бакчаларына балдарды кабыл алууну мыйзамдуу тартипте болушун камсыздоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жаштар, спорт, маданият, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |