ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IX -сессиясы
2022-жылдын 10- февралы № IХ-6
Ош-Исфана трассасында жол куруу иштери башталгандыгына байланыштуу, Гулистан айыл аймагындагы О. Солтобаев жана Кызыл-кыя көчөлөрүндөгү жол четинде тосколдук кылган бак-дарактарды кыйуу жөнүндө
Ош-Исфана трассасында жол куруу иштери башталды. Гулистан айыл аймагындагы О. Солтобаев жана Кызыл-кыя көчөлөрү ушул трассанын бөлүгү. Бул көчөлөрдүн жол четиндеги жол курууга тосколдук кылган бак-дарактарды кыйууга уруксат берүү максатында Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Исфана трассасында жол курулуш иштери башталгандыгына байланыштуу, Гулистан айыл аймагындагы ушул трассанын бөлүгү болгон О. Солтобаев жана Кызыл-кыя көчөлөрүндөгү жол курууга тосколдук кылган бак-дарактарды кыйууга уруксат берилсин.
2. Бак-дарактарды кыйуу иштерин уюшкандыкта жүргүзүү Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына” жана Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Айбашовго тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |