ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IX -сессиясы
2022-жылдын 10- февралы № IХ-7
Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Махамаджон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн 2021-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айлындагы “Махамаджон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрү өз үлүш жерлерин мектеп куруу үчүн мамлекеттик фонд жерине өткөрүп берүүгө макулдугун беришкен. 2021-жылдын 14-сентябрындагы дыйкан чарба мүчөлөрүнүн жыйналышында бул маселе каралган. Гулистан айылдык кеңеши дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жыйналышынын чечими менен танышып чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын Фрунзе айылындагы “Махамаджон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн 2021-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- “Махамаджон” дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн өз макулдугу менен мамлекеттик фонд жерине өткөрүп берүүгө керектүү болгон иш-кагаздарды даярдап берүү жагы жүктөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |