ТѲРТ-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Кѳл айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2022-жылдын 19- январы № 5-3
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата аймактагы Макаренко, Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын социалдык маселелерин канаттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо боюнча программасын бектүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата аймактагы Макаренко, Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын социалдык маселелерин канаттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо боюнча программасы бекитилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Р. Тологоновго программанын алкагында мыйзамдуу иш аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ѳзгѳн филиалынан, Ѳзгѳн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл, суу чарба ѳнѳр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Б. Мураталиев |