Редакцияот 19.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 16-сессиясынын кезексиз отурумунун

2022-жылдын 19- апрели № 5

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн 4 800 000 сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2022-жылга карата бюджетине толукталып төмөнкүдөй болуп жумшалсын

- билим берүүгө 2 000 000 сом

- ЖКХ 2 800 000 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев