Редакцияот 25.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы

2022-жылдын 25- майы № 66

Акционердик коом “Жазы” көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022 жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык АО “Жазы” көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө учаскасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022- жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү үчүн экологиялык абалы жеринен барып текшерилсин;

2. Торгой-Төбө участкасынан көмүр казуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 25 токтому эске алынсын жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйынында кайрадан каралсын;

3. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарынан жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен экологиялык абалын жеринен текшерүү үчүн төмөндөгүдөй коммиссия түзүлсүн:

 

1.  Турдумамбетов А. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

2.  Чекиров Ж. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

3.  Кудайбердиев Т. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

4.  Кыпчакбаев. Т -Ак-Терек айылынын айыл башчысы

5.  Кайыпов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

6.  Жакыпов. Ж. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

7.  Мокенов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

8.  Караева З. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

9.  Кунаев Ш. - Салам-Алик а/ө жайыт комитетинин төрагасы:

 

Төрайым

 Б.Калмурзаева