Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-18
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын калдык бюджетинен 1 105 000 (бир миллион бир жүз беш миң) сом акча каражатына таштанды ташуучу заманбап техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Авазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16- майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш ” муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын калдык бюджетинен 1 105 000 (бир миллион бир жүз беш миң)сом акча каражатына таштанды ташуучу заманбап техника сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |