Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы N 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтому менен бекитилген |
Тизме башкаруу функциялары бар баардык мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жалпы документтеринен түзүлүүчү азыркы типтүү документтерди камтыйт. Ал мамлекеттик сактоого же жок кылууга документтерди ылгап алуу менен алардын сактоо мөөнөтүн аныктоодо негизги нормативдик китепче болуп эсептелет жана мамлекеттик архивдерди комплектилөө менен документтердин баалуулугун экспертизадан өткөрүү боюнча башка китепчелерди даярдоо учурунда пайдаланылышы керек.
Тизме мамлекеттик жана ведомстволук архивдердин кызматкерлери, ошондой эле менчиктин баардык формаларындагы мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын адистери үчүн багытталган.
Тизмени пайдаланууга көрсөтмөлөр
1. Жалпы жоболор
1.1. Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын (мындан ары Тизме) ишмердигинде түзүлүүчү типтүү башкаруу документтеринин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмеси Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Мыйзамына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн.
1.2. Тизме менчигининин түрүнө, ишмердүүлүгүндө масштабы менен деңгээлине, функционалдык-максаттык багытына карабастан мекемелер аткаруучу башкаруу функцияларынын бир типтүү (жалпыга бирдей) иш кагаздарынан түзүлгөн документтерди камтыйт.
Мекемелердин спецификалуу функцияларын чагылдыруучу документтер (ишмердүүлүктүн белгилүү түрүнө таандык) тиешелүү ведомстволук тизмелерде, болжолдуу иш номенклатураларында каралат.
1.3. Тизме баардык же көпчүлүк, анын ичинде мамлекеттик эмес мекемелердик типтүү башкаруу документтеринин сактоо мөөнөтөрүн аныктоодо, сактоо үчүн ылгап алууда жана жок кылууда негизги нормативдик документ катары пайдаланууга багытталган.
1.4. Тизме Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамын сапаттуу толуктоону уюштурууга жана сактоого карата кызмат кылат. Көктөмөлөрдү түзүүдө, иш кагаздарынын номенклатурасын даярдоодо, документтердин ведомстволук тизмелеринин болжолдуу номенклатурасын иштеп чыгууда, ошондой эле мамлекеттик архивдердин эксперттик-текшерүү методикалык комиссияларынын (ЭТМК), борбордук эксперттик комиссиялардын (БЭК) жана эксперттик комиссиялардын (ЭК) практикалык иштеринде колдонулат.
2. Тизменин структурасы жана аны колдонуунун тартиби
2.1. Тизме функционалдык принцип боюнча түзүлгөн жана башкаруу системасынын деңгээлине, ишмердүүлүгүнүн түрүнө, менчигинин формасына көз карандысыз, адатта, мекемелердин ишмердүүлүгүнө мүнөздүү негизги багыттарды чагылдырган бөлүмдөр киргизилген. Майда суроолор боюнча бөлүмдөрдүн бөлүмчүлөрү бар.
2.2. Тизме 12 бөлүмдөн турат:
- 1-бөлүмгө башкаруунун буйруктук-тескөөчүлүк, уюштуруучулук, көзөмөлдөө, башкарууну укуктук жана мекемелердин документтик камсыздоочу жана документтерди сактоону уюштуруу функциялары, приватташтыруу, акциялаштыруу, лицензиялоо ишмердүүлүктөрүнүн маселелеринин документтери киргизилген;