Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы

2022-жылдын 17- марты № 9-19

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебине жаңы курула турган мектебинин проект документтерин даярдоого акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебине жаңы курула турган мектебинин проект документтерин даярдоо жөнүндөгү билдирүүнү жергиликтүү кеңештин депуттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т Айбашев атындагы орто мектебине жаңы курула турган мектебинин проект документтерин даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновко жана ФЭБ башчысы Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев