Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-23
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр –Сай айылындагы борбордук жолдун боюндагы жогорку чыңалуудагы мамычаларды Ош электро ишканасына кайтарымсыз өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр –Сай айылындагы борбордук жолдун боюндагы айыл өкмөтү тарабынан курулган 54 даана жогорку чыңалуудагы мамычаларды Ош электро ААКнун балансына кайтарымсыз өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап , Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр –Ата айылындагы борбордук жолдун боюндагы айыл өкмөтү тарабынан курулган 54 даана жогорку чыңалуудагы мамычаларды Ош электро ААКнун балансына кайтарымсыз өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |