Редакцияот 23.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы

2021-жылдын 23- ноябры № 19

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-2 айылына асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал-2 айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык, токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-2 айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 735,8 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ө.Жусупов