Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги VII- сессиясы

2022-жылдын 21- январы № 23

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгына карата, киреше бөлүгүнүн Лицензия кармоодон жеткирилген пландан 500,0 (беш жүз миң) сом кыскартуу менен чыгаша бөлүгүнөнда 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын кыскартуу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгына карата, киреше бөлүгүнүн Лицензия кармоодон жеткирилген пландан 500,0 (беш жүз миң) сом кыскартуу менен чыгаша бөлүгүнөнда 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын кыскартуу үчүн Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнөн СДК 2215-15,0 миң сом, 2222-55,0 миң сом, билим берүү 2231 -100,0миң сом, 2224 -45,0 миң сом, башкаруу апараты 2212 -40,0 миң сом, ЖКХ 3112 -95,0 миң сом, 2221 -80,0 миң сом жана 2222 -70,0 миң сом акча каражаттары кыскартылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Сагынбай уулуна милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ө.Жусупов