Редакцияот 24.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин (7-чакырылыш) кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 24- ноябры № 21

Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңеши уюштуруучулардын № 1, №2, №3 протоколдорун талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө“ мыйзамынын 11- беренесине ылайык Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү максатында токтом кылат:

 

1. Уюштуруучулардын № 1 протоколу ,№ 2 протоколу ,№ 3 чечими менен түзүлгөн “Замзам-Булак-Зергер-Суу” мунуиципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын: Юридикалык жактын толук мунициалдык ишкананын фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде : “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасы. Расмий тилде муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы: Муниципальное предприятие “ Замзам-Булак-Зергер-Суу”. Адреси: Кыргыз Республикасы Ош облусу Өзгөн району Зергер айылдык аймагы Кайрат айылы Алтымыш Кадыров көчөсү-106.

2. Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме).

3. Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо жагы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго сунушталсын.

4. Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө “ мыйзамынын 11- беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Келдибаев

 

 

тиркеме

 

Зергер айылдык аймагынын «Замзам-Булак-Зергер-Суу» муниципалдык ишканасынын Уставы

 

Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган Зергер айылдык аймагынын алдында уюшулуучу, Зергер айылдык аймагынын «Замзам-Булак-Зергер-Суу» муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, куру-оңдоо жайгашкан калктарды ичүүчү суу менен камсыздоо иштерин жүргүзүү, башка уюмдар менен байланышын, кайрадан түзүү жана жоюлуу тартибин аныктайт.

 

1.Жалпы жоболор.

 

Зергер айылдык аймагынын «Замзам-Булак-Зергер-Суу» муниципалдык ишканасы (мындан нары Муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү органдары тарабынан катталгандан кийин юридикалык жак статусуна ээ болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланктары, өздүк эсепке, эсептик жана башка эсептерге ээ болот, сот бийлигинде доочу жана жоопту болуп чыгалат.

 

Муниципалдык ишкананын уюштуруучулары:

 

Зергер Айылдык Кеңешинин (VII) шайланган кезектеги VI сессиясынын 2021-жылдын 24-ноябрдагы №21 токтомунун негизинде «Зергер айыл өкмөтү» мекемеси каттоо датасы: 2003-жылдын 31-октябры, каттоо номери-71841-3306-М-е, ИУЖК коду-23352026, ИСН-03110200310050, сериясы ГРЮ № 0053876 юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылдык аймагы, Кайрат айылы Алтымыш Кадыров-106.

 

Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:

 

Мамлекеттик тилде:- Зергер айылдык аймагынын «Замзам-Булак-Зергер-Суу» муниципалдык ишканасы;

Расмий тилде аталышы:-Муниципальное предприятие Зергерское айыльного округа

«Замзам-Булак-Зергер-Суу»;

 

Муниципалдык ишкананын кыскартылгандагы фирмалык аталышы:

 

Мамлекеттик тилде: - Зергер айылдык аймагынын «Замзам-Булак-Зергер-Суу» МИ;

Расмий тилде аталышы: -МП Зергерское айыльного округа «Замзам-Булак-Зергер-Суу»;

 

Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги:

 

Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылдык аймагы, Кайрат айылы Алтымыш Кадыров-106;

 

Муниципалдык ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин указдарына,токтомдоруна жана буйруктарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык кеңештин токтомдоруна, буйруктарына жана ушул Уставка таянып алып барат.

Муниципалдык ишкана өзүнүн Зергер айылдык аймагынын алдындагы «Замзам-Булак-Зергер-Суу» уюштуруучуларынын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт жана уюштуруучулар Муниципалдык ишкананын милдеттенмелерине жоопкерчилик тартпайт.

 

II. Муниципалдык ишкананын негизги максаты.

 

2.1. Муниципалдык ишкананын негизги максаты: тийиштүү, аймакта жашаган жарандарды гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү суу менен камсыздоо.

2.2. Муниципалдык ишкананын негизги максатын, иш жүзүнө ашырууда төмөндөгүдөй иш аракеттерди жүргүзөт;

·         Таза суу менен камсыз кылуу системаларынын оңдоо жана суу курлушун куруу ошондой эле чыгаруу жумуштарын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

·         Суу түтүктөрүн калыбына келтирүү жана капиталдык түрдө оңдоп түзөө;

·         Суу топтоочу кампаларды, каптаждарды, диринаждарды, суу линиялардын техникалык жактан тейлөө, оңдоо жана эксплуатациялоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар (айыл өкмөт) менен бирдикте алып баруу;

·         Айыл өкмөтүн алдында уюшулгандыгы үчүн суу системаларды оңдоп жайгашкан калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

·         Суу системаларды оңдоп жана куруп, аткарылганы боюнча акт менен айыл өкмөткө өткөрүп берүү;

·         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) менен бирдикте элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

·         Айылдык кеңештин сессиясында суу тарифин, штат бирдиктерин бекиттирүү жана үч айда бирден элге жана депутаттарга отчёот берүү;

·         Ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде суу түтүгүн оңдоо жана мурда курулган суу түтүктөрдү калыбына келтирүү, менчик үй ээлери менен келишим түзүү;

2.3. Райондук муниципалдык ишкананын көрсөтүлгөн жумуштарды (кызматтарды) туура колдону жана аларга колдонулган тарифтерин өз убагында аткаруу.

2.4. Антимонополиялык комитет аркылуу көрсөтүлүп жаткан жумуштардын (кызматтардын) бааларын жана тарифтерин орноту (макулдашуу).

2.5. Элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишкана физикалык тараптардын инциативаларын колдоо, проблемаларын чечүүгө туруктуу өнүгүүсүнө, атайын колдонмолорду, программаларды жана интрукцияларды иштеп чыгуу менен физикалык тараптардын суу системаларынын иштерин жакшыртуу үчүн мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдардын, атуулдук секторлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын конференцияларды өткөрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) менен бирдикте мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдары, медицина уюмдары, эл аралык уюмдары менен байланышып алардын көңүлүн дайыма элди ичүүчү суу менен камсыз кылууга, санитардык абалдын жакшырышына буруу менен узак мөөнөттүү долбоорлорду иштеп, грант, инвестиция жана башка колдоолордун, мамлекеттик, мамлекттик эмес уюмдар, медицина уюмдар, бала-бакчалар, суу пайдалануучулар менен келишим аркылуу жана бекитилген тарифтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) жардамдарынын эсебинен калктуу конуштарга жаңы суу системаларын куруу, эски суу системаларына реаблитация жүргүзүүнү, техникаларды жана башка эмеректерди алуу.

2.6. Муниципалдык ишкана максатына жетүү үчүн кредит алуу, инвестиция тартуу жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык ишкердикти жүргүзүү.

 

III. Муниципалдык ишкананын укугу.

 

3.1. Муниципалдык ишкана өз ишмердүүлүгүн аткарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

Юридикалык жана физикалык жактар менен келишимдерди, контрактарды түзүү, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тосколдук кылбаган юридикалык иш аракеттерди жүргүзүү;

Каржы операцияларын жүргүзүү, өз алдынча, өз карамагындагы мүлктөрдү жана акча каражаттарын колдону;

Ижарага мүлктөрдү жана имараттарды алуу;

Өзүнүн жүгүртмө каражаттарына жана мүлктөрүнө ээ болу;

Юридикалык жана физикалык жактар аркылуу акысыз жана акылуу кызматтарды көрсөтү;

Өндүрүштү өнүктүрүү жана материалдык сый (дем берип кызыктыруу) фонд уюштуруу;

Айыл өкмөт жана мунипалдык ишкана бирдикте иш алып баруу, аткарылган иштерди айыл өкмөткө өткөрүп берүү;

Өз алдынча ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана келечектеги өнүгүүсүн аныктоо;

Муниципалдык ишкананын ишине тиешелүү маселелер боюнча сот органдарына кайрылууга жана катышууга укуктуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келген жана башка иш-аракеттерди жүргүзүү;

3.2. Муниципалдык ишкана банктардан валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу;

3.3. Өз алдынча чарба маселелери боюнча чечим алууга, мекеме жана уюмдар ортосунда түзүлгөн келишимдеги бааларды аныктоо жана түшкөн пайдаларды бөлүштүрүүгө укуктуу.

3.4. Курулуш иштери (суу түтүктөрдү, айылдын айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү, канал казуу жана башка иштерди) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу иштер боюнча тендерге катышууга укуктуу.

3.5. Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте өзүнүн тиешелүү иштери боюнча долбоор жазууга, инвестиция тартууга жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып барууга укуктуу.

3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттенмелерине, менчик мүлктөрүү жана каражаттары менен жоопкерчилик тартат.

 

IV. Муниципалдык ишкананын эсеп-кысабы

 

4.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бухгалтердик жана оперативдүүлүк эсептерди жүргүзөт, белгиленген формада статикалык эсеп жүргүзөт жана анын тактыгына жоопкерчилик алат.

4.2. Муниципалдык ишкананын чарбалык жана каржылык иш-аракеттери уюштуруучулардын жалпы чогулушу жана башка ыйгарым укуктуу тарабынан көзөмөлгө алынат жана жооп берет.

4.3. Муниципалдык ишкананын балансындагы мүлктөрдү эсептеп чыгаруу жана жараксыз деп табуу уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими, муниципалдык ишкананын мүчөлөрү жана кызматкерлери менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4.4. Муниципалдык ишкана ар бир кожолук менен жана айылдарда жайгашкан мектеп, бала бакча, ФАП, комерциялык ишканалар менен келишим түзүү жолу менен.

4.5. Муниципалдык ишкана суу системасы бар айыл өкмөттөр менен (суу түтүгүнүн узундугу, скважина санына, суу насостун санына, суу алуучу түтүктүн санына, суу бөлүштүргүчтөрдүн санына) жараша келишим түзүү жолу менен.

4.6. Айыл өкмөт муниципалдык ишканага айлана чөйрөлөрүн көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча келишимдин негизинде.

4.7. Муниципалдык ишкана долбоор жазуу жана инвестиция тартуу, курулуш иштерине тендерге катышуу жолдору менен.

 

V. Муниципалдык ишкана менен айыл өкмөттүн аткаруу милдеттери

 

5.1.Айыл өкмөт муниципалдык ишканага суу түтүктөрүн оңдоо

5.2.Айыл өкмөт муниципалдык ишкананын сунуштарын кабыл алуу

5.3.Айыл өкмөт муниципалдык ишкана менен келишим түзүү жана түзүлгөн келишимдин негизинде каражат бөлүп берүү

5.4.Муниципалдык ишкана айыл өкмөтүн тапшырмасын өз убагында аткаруу

5.5.Муниципалдык ишкана айыл өкмөтүн макулдугу менен иш алып баруу

5.6.Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте инвестиция тартуу жана курулган объектилерди биргеликте көзөмөлгө алуу

5.7.Муниципалдык ишкана айыл өкмөт менен бирдикте айылдарда жайгашкан калкка суу тарифтерин жана суу түтүктөрдү туура пайдалануу баюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу

 

VI. Муниципалдык ишкананы башкаруу

 

6.1. Муниципалдык ишкананын жогорку органы болуп, айыл өкмөтү жана анын уюштуруучуларынын жалпы чогулушу болуп саналат.

Уюштуруучулардын компетенцияларына төмөнкү маселелер кирет:

·         Муниципалдык ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

·         Муниципалдык ишкананын айыл өкмөт башчысынын сунушу менен директорун жана анын орун басарларын кызмат оордуна дайындоо жана бошотуу;

·         Директордун сунушу боюнча муниципалдык ишкананын штаттык түзүлмөсүн, аткарылуучу жумуштардын тарифтерин, иш пландарын бекитүү;

·         Муниципалдык ишкананын текшерүү жана талаш-тартыш комиссиясынын курамдарын бекитүү жана бошотуу;

·         Муниципалдык ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

·         Муниципалдык ишкананын башка юридикалык жактарга катышуусуна жана мүчө болуп кирүүсүнө чечим кабыл алуу;

·         Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө директордун жылдык эсеп-кысабын бекитүү;

·         Өлчөмү 500 000 (беш жүз миң) сомдон ашык болгон келишимдерди жана тарифтерин (бааларын) бекитүү;

·         Аудитордук текшерүүнү жүргүзүүгө, Муниципалдык ишкананын баардык документтерин текшерүүгө, ошондой эле ишмердүүлүктүн мыйзамга жана Уставга берүүсүн, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды, баланстык эсеп кысабын талап кылууга укуктуу;

·         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн башка ыйгарымдуу укуктарга укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын текшерүү жана талаш-тартыш комиссия курамдарынын ишкананын кызматкерлеринин уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун отуруму уюштуруучулардын баары толук катышканда гана кворумга ээ болот;

·         Муниципалдык ишкананы кайра түзүү жана жоюуга укуктуу;

6.2. Муниципалдык ишкананын аткаруучу органы болуп анын директору жана кызматкерлери саналат, Муниципалдык ишкананын директору уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отуруму менен беш жылдык мөөнөткө дайындалат жана иш алып баралбаса же элдин арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу;

6.3. Муниципалдык ишкананын директорунун орун басарларын, ишкананын директорунун сунушу боюнча уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отуруму менен дайндалып жана иш аткаралбаса мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

6.4. Муниципалдык ишкананын иш аракетин уюштуруусу жана функциялардын чегинде өз убагында сапаттуу жана тийиштүү формада аткарылышына анын ичинде отчёоттук маалыматардын тууралыгы айыл-чарбалык иштин нормаларынын сакталышы жагында аткарылышы үчүн уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отурумунда муниципалдык ишкананын директоруна баа берүүгө укуктуу.

6.5. Муниципалдык ишкананын директору төмөндөкүлөргө укуктуу:

·         Директор өзүнө берилген укуктардын, жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын чегинде муниципалдык ишкананын иш аракетин уюштурат жана ага берилген укуктардын, тапшырылган милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчиликке укуктуу;

·         Өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка чечимдерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын жылдык иш-чараларын, иш планын бекитүүгө укуктуу;

·         Ишеним каты жок муниципалдык ишкананы, башка мамлекеттик муниципалдык мекемелерде, коомдук уюмдарда өкүлчүлүк кылууга укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын штаттык түзүмүн, анын структурасын бекитүү үчүн жогорку органына сунуштоого укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайндайт жана бошотот, ошол эле учурда контрактык негиздегилерди дайндоого жана бошотуга укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек майанасын жана аны төлөө формасын аныктоого укуктуу;

·         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

6.6. Муниципалдык ишкананын текшерүү комиссиясы:

Текшерүү комиссиясы муниципалдык ишкана тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылышын текшерүүчү орган.

6.7. Текшерүүчү комиссиясынын укук-милдеттерин төмөнкүлөр түзөт:

·         Муниципалдык ишканасынын директору тарабынан жүргүзүлгөн өндүрүштүк жана башка чарбалык иштердин мыйзам чегинде аткарылышын текшерүү;

·         Үч жылда бир жолу муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерин текшерүү;

·         Муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерин текшерүүдөн кийин, уюштуруучулардын жалпы чогулушуна жазуу түрүндө бүтүм берүү;

·         Муниципалдык ишкананын уюштуруучулардын жалпы чогулушунун отурумуна текшерүүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчёот берүү;

6.8. Текшерүү комиссиясы үч кишиден туруп үч жылдык мөөнөткө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими менен шайланат жана анын мүчөлөрү кайра шайланууга укуктуу;

6.9. Муниципалдык ишкананын талаш-тартыш комиссиясы;

Талаш-Тартыш комиссиясы муниципалдык ишкана тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттеринде чечибеген, суу ситстемаларында мыйзамсыз иш жүргүзүлгөндүгү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүүчү орган.

·         Муниципалдык ишканасынын директору тарабынан түзүлгөн келишимдерди төлөдөн баш тарткандар менен мыйзам чегинде чечүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин келишпестиктерин чечүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык Муниципалдык ишканасы менен бирдикте иш-аракеттерин жүргүзүүгө жана талаш-тартыш комиссиясы үч кишиден туруп төрт жылдык мөөнөткө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими менен шайланат жана анын мүчөлөрү кайра шайланууга укуктуу;

·         ишканасынын жүргүзүлгөн иш-аракеттеринде чечибеген маселелер боюнча жер-жеринен чечүүгө укуктуу;

 

VII. Муниципалдык ишкананын мүлкү

 

7.1. Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан өткөзүп жана балансында турган менчик жана муниципалдык жүгүртмө каражаттары ишкананын мүлкү болуп саналат.

7.2. Муниципалдык ишканага уюштуруучу тарабынан өткөзүп берилген мүлктөрдүн иштетилиши жана сакталышы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 230-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

 

7.3. Муниципалдык ишкананын мүлктөрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн каржыланган булактарды төмөнкүлөр түзөт:

 

·         Уюштуруучулар өткөзүп берген мүлктөр жана башка каражаттар;

·         Көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн пайдалар;

·         Мамлекеттик, чет-өлкөлүк мекемелер, мамлекеттик эмес уюмдардан, инвестиция тарттуудан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган (айыл өкмөт) келишимдин негизинен жана тарифтерден, коммерциялык, демөөрчүлөрдөн, юридикалык жактар тарабынан материалдык жардам каттары түшкөн мүлктүк төлөмдөр, кайыр-садага кылып берилген акча каражаттар;

·         Муниципалдык ишкананын чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше;

·         Муниципалдык ишкананын менчигинен алынуучу киреше;

·         Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер;

·         Муниципалдык ишкана көрсөтүлгөн кызматтарынан жана башка иш-аракеттеринен түшкөн кирешелерди, Уставта көрсөтүлгөндөй аткаруу үчүнтийиштүү фонддорду түзүү менен өз алдынча бөлүштүрө алат.

 

VIII. Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси төмөндөкүлөргө укуктуу:

 

8.1. Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси ишкананын директору менен биргеликте иш алып барат жана директорго баш ийүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси директордун докуметтерде колу жок документтерди башка жакка өткөрүүгө укугу жок жана директордун колу менен мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдарга которууга укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси отчёот сураган органдарга (статтикага, салыкка, соцфондга жана башка маалымат берүүчүлөргө) ар бир айдын 25-не чейин тапшырууга укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине ар бир айдын 27-не чейин эмгек акыларын берүүгө жана кызматкерлердин эмгек акыларын эсептеп берүүгө укуктуу;

·         Мекеме уюмдар жана айыл өкмөттөр менен түзүлгөн келишимдерди ай сайын акт-сверка жасоого жана өз ара эсептешүүгө укуктуу.

·         Келишимдерди төлөбөгөндөр боюнча ишкананын директоруна, талаш-тартыш комиссиясына жана уюштуруучулардын жалпы чогулушуна маалымат берүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын кириш-чыгыш документтерин жана башка документтерди так жүргүзүүгө укуктуу;

·         Муниципалдык ишкананын директору (командировкага, эмгек өргүүгө, жана башка) иш-аракетинде жүргөн мезгилдерде кызматкерлерди башкарууга укуктуу;

8.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставка ылайык муниципалдык ишкананын ишин көзөмөлдөө боюнча башка функцияларды, ыйгарым укуктарды директор менен биргеликте ишке ашырат;

 

IХ. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин мамлеси

 

9.1. Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын жана ишкананын кызматкерлеринин укук жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.

9.2. Муниципалдык ишкананын мүлкүнө кызмат адамдар жана ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эмгек келишимдин (контракты) негизинде материалдык жоопкерчиликти тартат.

9.3. Муниципалдык ишкананын кызмат адамдарынын, иш милдеттеринде муниципалдык ишкананын балансындагы техникаларды, суу түтүгүн оңдоочу шаймандарын дайыма оң абалда иштетүү, жана ишкананын директору кызмат адамдарынын ар бирине тапшырган тапшырмасын өз убагында аткаруу жана аткарылган жумуштардын жыйынтыгын ар бир кызматкерлери ар бир жуманын биринчи күнү маалымат берүүлөрү жана тапшырма алуулары керек.

9.4. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш милдеттерин ишкананын директору тарабынан бекитилет.

 

Х. Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтотуу

 

10.1. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартиптердин негизинде жоюлу жана кайрадан түзүүлү жолу менен жүргүзүлөт.

10.2. Муниципалдык ишкананын иш-аракетин токтоту жөнүндөгү чечим уюштуруучулары тарабынан кабыл алынат.

10.3. Кредиторлордун талаптары канаттаандырылгандан кийинки калган мүлктөр Муниципалдык ишкананын Уставында көрсөтүлгөн максаттарга жумшалат.

10.4. Муниципалдык ишкананын иш-аракетинин токтотулушу юридикалык жактардан мамлекеттик бирдиктүү реестрине жоюлган тууралуу тийиштүү маалымат киргенден соң иш-аракети токтотулган болуп саналат.

10.5. Муниципалдык ишкананын иш алып баруу процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонд» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде аткарылып жана тийиштүү мекемелерде сакталат.

 

Уюштуруучулардын төрагасы

А.Мусурманкулов.

 

Катчысы

Т.Айбашов.