ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 23
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бюджетинин аткарылышы 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бюджетинин аткарылышы 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бюджетинин киреше бөлүгү 14981,7 миң сомго чыгаша бөлүгү 14760,9 миң сомго аткарылганы бекитилсин.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 10945,2 миң сомго чыгаша 10945,2 миң сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2023-жылга 11125,7 миң сомго, 2024-жылга 11257,7 миң сомго белгиленсин.
4. 2022-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) Жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдүн ,салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жергиликтүү бюджеттерге 100% өлчөмүндө белгиленсин.
б) Ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патенттин негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% пайыз өлчөмүндө; в) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди ,алтынды,мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө;
г) Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке 50% өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү слыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2022-2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүү,тамак аш,дары-дармек милдеттүү медициналык касыздандырууларга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
9. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
10. Казына сметасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022 -жылга 10,0 миң сомго белгиленсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |