Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 21- январы № 24

Зергер айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы токтом кылат:

 

1. Зергер айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.

 

Төрага

Б.Келдибаев

 

 

тиркеме

 

Зергер айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планы

 

1. Айылдык кеңешинин 2022–жыл үчүн иш планын бекитүү (2022-жыл, январь айы. кеңештин төрагасы). 

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылы кирешелер  чыгашалар боюнча  аткарылышы жана 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө (2022-жыл, январь айы, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», ФЭБ башчысы).

3. Зергер жайыт комитетинин 2021-жылы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюдетин бекитүү жөнүндө.(2022-жыл 1 квартал, Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясы,жер турак жай маселери боюнча башкы адис.)  

4. Муниципалдык менчикти башкаруу жана аны максаттуу пайдалануу, жеке менчике аукцион аркылуу түз сатуу комиссиясынын аткарып жаткан иштери  жөнүндө (2022-жыл, 1 квартал, Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясы, түз сатуу боюнча комиссия,жер адис,айыл башчылар).

5. Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2022-жыл, 2-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).

6. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 айында жетгиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2022-жыл 3 квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы) 

7. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2022-жыл,  3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары,соц адис)  

8. Зергер айыл аймагындагы ички жолдорду жергиликтүү  бюджеттин эсебинен оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү жана инвестиция тартуу маселелеринин абалы.(Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясы, ФЭБ бөлүмү,жер адис,айыл башчылар,2022-жыл,4 квартал) 

9. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2022-жыл 3 квартал,  «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы)

10. Социалдык тармакта аткарылып жаткан иштер жөнүндө. (2022-жыл, 4-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).

 

Зергер айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы

 

А.Адилбеков