ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7 сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 26
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү жөнүндө жобого ылайык сунушталган комиссиянын курамын карап ,талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү боюнча комиссиясы төмөнү курамда бекитилсин: Кайиев С.-айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын төрагасы; Мурзаибраимов Н.-айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары; Зергер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы;
мүчөлөрү:
Терекбаева С.- айылдык кеңештин депутаты;
Каракозуев М.- жер турак жай маселелери боюнча башкы адис;
Сагынбаев М.- ижара бухгалтер;
Осмонова К.- айылдык кеңештин депутаты;
Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
Тиешелүү айылдын айыл башчысы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Келдибаев |