ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7 сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 28
Мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу жөнүнө айыл өкмөт башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштырууда түзүлгөн комиссияга кайрак айдоо жерине курулган турак жайга 1500 метр квадрат жер участкасына чейин,сугат аянтына мыйзамсыз курулган турак жайларга 800 метр квадрат жер участкасына чейин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарлышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А,Мусурманкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |