ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 31
Жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери”жеке ишкана ачууга жер участкасын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сесссиясы жеке ишкер жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери” жеке ишкана ачууга жер участкасын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери” жеке ишкана ачууга муниципалдык менчиктеги жер участкасынан убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө ижара укугун берүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |