ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 25- февралы № 33
Зергер айыл аймагында ветеринардык кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
«Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча башкы адиси Жуманалиев Мамадаалинин билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык Кенешинин кезектеги сегизинчи сессиясы токтом кылат:
1. Мал жандыктардын (бир башына эмдөө) ветеринардык кызмат көрсөтүү төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
- Кара мал,жылкынын бир башына - 50 сом.
- Кой-эчкинин бир башына- 20 сом.
- Ит мышыктын бир башына - 100 сом.
2. Мал жандыктардын бир башынан кан алуу төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
- Кара мал,жылкынын бир башына - 50 сом.
- Кой-эчкинин бир башына- 20 сом.
3. Жолбун ит мышыктарды,жапайы жырткыч жан-жаныбарларды атууга бир башына (ок дары, транспорт чыгымдары ичинде) төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
- Бир баш итке-250 сом;
- Бир баш карышкырга-6000 сом;
- Бир баш бөлтүрүкө-1500 сом;
- Бир аш чөбөрүгө-2000 сом.
4. Жылкыларга чип басуу бир башына 150 сом,анын ичинен :чиптин наркы 80 сом,кызмат акысы 70 сом.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Зергер айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча башкы адиси Жуманалиев Мамадаалига милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |