Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы

2022-жылдын 25- февралы № 37

Жергиликтүү бюджеттин кээ бир статьяларын каржылоого алуу жөнүндө

Зергер айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын айыл чарба багытындагы жерлерди которуу (трансформациялоо) маселеси чечилгенге чейин акча каражатын кармап туруу жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:

 

1. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган калдыгы 612,2 мин сомго белгиленсин.ЖКХ тармагынын 2215 статьясына 560,0 мин сом жана билим берүү тармагынын 2222 статьясына 52,2 мин сом каржылоого алынсын.

2. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” жана «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Келдибаев