ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 25- февралы № 38
Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен тазалоого макулдук берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сесссиясы Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен тазалоого макулдук берүү берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл аймагындагы Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен латок коюп ондоого макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө Алтыбай,Токтогул ички каналын латок коюп ондоодо Ош областык өнүгүү фондунун талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |