ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 25- февралы № 39
Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акылары 1,0 га жер аянтына төмөнкү өлчөмдө бекитилсин: айдап себүү -5530 сом, анын ичинен жер айдоо -3730 сом,малалоо-1800 сом,чөп оруу -2920 сом,чөп тырмоо -1500 сом,чөп тангактоо (бир даанасы) -16 сом,комбайн менен эгин чабуу - 4500 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө бекитилген кызмат акысын менчигине карабастан баардык айыл чарба техникаларынын ээлерине жеткирүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |