ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VII сессиясы
2022-жылдын 18 - марты № 10
Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан таштанды таштоочу жердин аянтын кеңейтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан 0,40 га таштанды таштоочу жерге таштандылар батпай жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Джумабаевтин сунушунун негизинде 386-а контурундагы жайыт жерден 1,0 га жерге кошумча таштанды таштоо үчүн кеңейтүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан 0,40 га таштанды таштоочу жерге таштандылар батпай жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Джумабаевтин сунушунун негизинде 386-а контурундагы жайыт жерден 1,0 га жерге кошумча таштанды таштоо үчүн кеңейтүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |