Редакцияот 17.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы

2022-жылдын 17 - майы № 12

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө (2011-жылдын 8-августундагы №150, 2014-жылдын 30-майындагы №82, 2021-жылдын 23-мартындагы №38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мыйзамынын негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында бала бакча директорлорунун (К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров