КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 24 - январы № 2/4
«2022-жылдын бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү жөнүндө»
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Өсөров Нурландын жана Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Шамшиев Рустамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунда жайгашкан жайыттардын жер салыгы Кыргыз Республикасынын 2008- жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамынын 337-беренесинин 6-пункутуна негиз көтөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүн салык башчысы Арапбай уулу Азим- Шахка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Р.Шамшиевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Бейшенбек уулу А |