Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2022-жылдын 24 - январы № 3

Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы “ Коомдук алдын алуу борбору” Коомдук мекемесин каттоо жөнүндө

Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын Коомдук кабыл алуу борборун каттоо жѳнүндѳ маселени угуп жана талкуулап, Уставы менен таанышып Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

 

1. «Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын коомдук алдын алуу борбору” “Коомдук бирикмеси” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары “мекеме”).

 

Мекеменин толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын “Коомдук алдын алуу борбору” мекемеси.

Расмий тилде: Учреждение «Общественное объединение» «Общественно-профилактический центр» Кызыл-Үнкүр

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: “КААБ” Мекемеси

- расмий тилде: Учреждение “ОПЦ”.

2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району,Кызыл-Үнкүр айылы,А.Чериков көчөсү № 13

3. Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

4. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурда юридикалык жакты түзүү маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Тагаева жана айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Г.Имаровага милдеттендирилсин.

6. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Бейшенбек уулу А