Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2022-жылдын 24 - январы № 5

«№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө»

№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

 

1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 400 (төрт жүз) сом акчага чектелсин.

 

2. № 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу,турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Бейшенбек уулу А