КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХII сессиясы
2022-жылдын 29 - январы № 12/2
Жайыт комитетинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун угуу, 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Н.Мамаюсуповдун 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин бюджети 2022-жылга карата 246000 (эки жүз кырк алты миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин бекитилген бюджетин максаттуу, мыйзамга ылайыктуу пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы Н. Мамаюсуповго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |