КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХII сессиясы
2022-жылдын 29 - январы № 12/4
Көтөрмө айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча куруп алган турак жайларды жана жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 30.11.2021-жылдагы №25-4846, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 10.12.2021-жылдагы протоколдук тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровдун 2022-жылдын 10-январындагы №1тескемесин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 14-январындагы № 01-12/8 сандуу телефонограммасын аткаруу максатында жана Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.М. Курмушуевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы (айдоо-сугат, айдоо-кайрак, көп жылдык бак, жайыт ж.б.) жер аянттарына өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү мыйзамдаштыруу жактырылсын.
2. Көтөрмө айыл аймагындагы өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү жана участкаларын ээлеген жалпы 221,26 га жер аянтын “ айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |