Редакцияот 29.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХII сессиясы

2022-жылдын 29 - январы № 12/5

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга карата түзүлгөн жылдык иш планы бекитилсин.

 

2. 2022-жылга түзүлгөн иш план боюнча иш алып баруу ар бир туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Бактыбаев