ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры № 10/17
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун 2021-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысы.
№ | Малдын түрү | Мал башына төлөө баасы |
1 | Кой –эчки | 22 |
2 | Бодо мал | 110 |
3 | Чоң жылкы | 110 |
4 | Бодо жаш мал | 77 |
5 | Жаш жылкы | 77 |
6 | Башка багытка жайыттарды пайдалануу | га 1000 сом |
2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Сакаевге жана каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Алиев Р.А. |