Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезексиз III сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 30-майы № 4
Ош шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Ош шаардык кеңешинин төртүнчү чакырылыштагы депутаттарынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында жана депутаттык фракциялардын сунуштарын, сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаардык кеңешинин Регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги №5-токтому менен бекитилген Ош шаардык кеңешинин Регламенти күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: |
Ж. Ормонов |