Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-марты № 65-28 токтому менен бекитилген | Ленин айылдык кеңешиниң 2022-жылдын 1-апрели № 42/17 токтому менен бекитилген |
Муниципалитеттер аралык кызматташтык жөнүндө
КЕЛИШИМ
Аламүдүн а. | 01.04.2022-ж. |
Уставдын негизинде иштеп жаткан башчы Кольбаев Найзабек Асанбековичтин жүзүндөгү Аламүдүн айыл өкмөтү жана Уставдын негизинде иштеп жаткан башчы Момбекова Наргиза Кулжабаевнанын жүзүндөгү Ленин айыл өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталган, экономикалык, социалдык, маданий жана башка чөйрөлордө туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу байланыштарды түзүүдө өз ара кызыкчылыкка негизделген, Муниципалитеттердин экөөсүнүн тең социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иш жүзүндөгү аракеттерди жүзөгө ашыруу зарылдыгын эске алып, ушул Келишимди төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
1. Келишимдин максаттары
1.1. Тараптар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жалпы кызыкчылыктарды билдирүү жана коргоо, муниципалитеттердин кызматташтыгынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максатында муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Келишимдин предмети:
- коомдук муниципалдык транспорттун иштеши, № 71 маршрут.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Келишимдин тараптары:
а) Аламүдүн айыл өкмөтү өз кезегинде Ленин айыл аймагынын Мыкан айылында №71 маршруттук автобустун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга милдеттенет.
б) Ленин айыл өкмөтү № 71 маршруттук автобус өткөн Мыкан айылынын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүтө милдеттенет.
в) Ленин айыл өкмөтү Мыкан айылында аялдама пункттарын орнотууга милдеттенет.
г) Ленин айыл өкмөтү "Аламүдүн-Автотранс" МИге айына 100 литр күйүүчү-майлоочу май бөлүп берүүгө милдеттенет.
4. Корутунду жобо
4.1. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү жана Тараптардын ар биринде бирден нуска сакталат.
4.2. Ушу келишим эки Тарап кол койгон күндөн тартьгп күчүнө кирет жана Тараптардын бири кайсы бир себептер боюнча ушул Келишим лен чыкканга чейин мөөнөтсүз жарактуу болот.
4.3. Ушул Келишимдин жарактуулугун каалаган Тарап экинчи Тарапian жазу> жүзүндө билдирүү алгандан кийин бир ай өткөн соң токтотушу мүмкүн.
4.4. Талаш маселелер, эгер алар ушул Келишимди колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу пайда болсо, сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет. *
4.5. Келишимге кол коюлгандан кийин Тараптардын ар бири толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, ал ушул Келишимге кошумча макулдашуу түзүү менен ьфасталат.
Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн району, Аламүдүн а., Набережная көч., 300 А ИНН: 20307199710024 ОКПО: 04509686 Банк: КР ФМ Борбордук казыналыгы Эсеп счету: 4403011001000391
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы ___________Н.А.Кольбаев (колу) | Ленин айыл өкмөтү Аламүдүн району, Ленин а., Алма-Ата көч., 285 ИНН : 00706199610044 ОКПО: 04508882 Банк: КР ФМ Борбордук казыналыгы Эсеп счету: 4403011001001102
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы ___________Н.К.Момбекова (колу) |