ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 26/9-5
Токмок шаарынын № 350 маршруту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы тарифти бекитүү жѳнүндѳ
“Чүй Транс” жоопкерчилиги чектелген коомдун 2021-жылдын 21-октябрынан кириш №02-01/100 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 17-январындагы № 5 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын № 350 “Борбордук базар “Булак” (Токмок ш.) – “Батыш автобекет” (Бишкек ш.) маршруту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифти 70,0 сом суммасында бекитилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |