Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2022-жылдын 28-январы № 27/9-5

Токмок шаарынын калкына ритуалдык кызматтарын көрсөтүүгө жаңы тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ

Токмок шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 24-декабрындагы кириш №02-17/52 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 17-январындагы № 5 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын калкына ритуалдык кызматтарын көрсөтүүгө жаңы тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев

 

Токмок шаардык кеңешинин

2022-жылдын 28-январындагы

№27/9-5 токтомуна тиркеме

Токмок шаарынын калкына ритуалдык кызмат көрсөтүү боюнча

тарифтери

№

Кызматтын аталышы

Баасы (сом)

Жогорулашы

1

МТЗ-80(82) экскаватору менен көр казуу

 

- чоңдор үчүн

- балдар үчүн

 

 

946

473

сом

%

 

257

129

 

137

137

2

Жыгачтан капталган табыт жасоо

4360

892

125

3

Жыгачтан крест жасоо

274

95

153

Жооптуу катчы

М.А.Табалдиев