ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 29/9-5
Токмок шаарынын 2021-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана ошондой эле салыктык администрациялоого жаткан ишканалардын кирешелери (ЖЧК “Интергласс”) жана атайын каражаттарды эсепке алганда 2021-жылдын 12 айында 99,4% аткарылган,(такталган план 282945,3 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 281196,1 миӊ сом) же 1749,2 миӊ сом түшпөй калганын белгилейт.
Анын ичинде:
- бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 101,1% ды түзүп (такталган план 260 811,7 миӊ сом, иш жүзүндө 263786,7 миӊ сом) же пландан ашыкча 2975,0 миӊ сом түшкөн.
- атайын каражаттар боюнча 78,7% (такталган план 22133,6 миӊ сом, иш жүзүндө 17409,4 миӊ сом) же 4724,2 миң сомго аткарылбай калган.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү салык кызматы тарабынан чогултулуучу кирешелер 2021-жылдын ичинде 100,2% аткарылды (такталган план 185457,5 миң сом, иш жүзүндө 185880,5 миң сом) же пландан ашыкча 423,0 миң сом түшкөн. Өткөн 2020-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда (163381,4 миң сом) былтыркыга салыштырмалуу 22499,2 миң сомго көп түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2020-жылдын мезгилине карата 113,8% түзөт.
Жалпы пландуу көрсөткүчтөрү (“Интергласс” ЖЧКны эске алуу менен) төмөнкүдөй салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча аткарылган жок:
- чакан ишканалар үчүн бирдиктүү салык 263,6 миң сомго;
- милдеттүү патенттин негизиндеги салык 1455,8 миң сомго;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 1840,6 мин сомго;
- 3топтогу ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 140,2 миң сомго;
-транспорт каражаттарынан салык – 2907,6 миң сомго;
- короо-жай жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салык-658,5 миң сомго;
- таштанды чыгаруудан салык-67,0 миң сомго;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлерден салык-1803,5 миң сомго;
2021-жылдын ичинде республикалык бюджеттен расмий трансферттер 40196,8 миң. сом алынды. Анын ичинде:
- «Токмок Жылуулук» МИ субсидия боюнча карызын төлөөгө - 39 000,0 миң сом;
- Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга - 1196,8 миң сом.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алганда 88,4% га аткарылды, такталган планда 307074,8 миң. сом иш жүзүндө 271 560,4 миң. сом сарпталган.
алардын ичинен:
- атайын каражаттар 76,6% га аткарылды же такталган планда 22763,1 миң сом иш жүзүндө 17442,6 миң. сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 89,4%га өздөштүрүлдү же такталган план 284311,7 миң сом менен иш жүзүндө 254117,8 миң сом сарпталган.
Бюджеттик каражаттар багытталган;
- чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, стипендиялар жана калкка социалдык жардам үчүн жөлөк пулдар) – 54237,4 миң сом же чыгымдардын жалпы көлөмүнүн 21,0%.
- коммуналдык кызматтар боюнча – (суу акысы, электр кубаты, жылуулук акысы, жана байланыш кызмат) жана көмүр алууга 53343,2 миң сом же жалпы чыгымдар 21,0% түздү;
- чыгашалардын башка беренелери боюнча - 146537,2 миң сом же 57,7% (анын ичинде өнүктүрүүгө - 45112,8 миң сом (17,8%) жана "Токмок жылуулук" МИнин субсидиялары боюнча карызды жабууга - 39000,0 миң сом республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер).
2022-жылдын 15-январына карата абал боюнча шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы 8279,7 миң. сомду түздү анын ичинде “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренеси боюнча – 214,8 миң сом, “Байланыш кызматы” 2212 беренеси боюнча – 78,7 миң сом, “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси боюнча-44,0 миң сом, "Имараттар жана курулмалар" 3111 беренеси боюнча – 7005,5 миң. сом, “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренеси боюнча-936,7 миң сом.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары 281 196,1 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө, анын ичинен бюджеттик каражаттар - 263 786,7 миң сом, атайын каражаттар - 17 409,4 миң сом 1- тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2021-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Токмок ш. боюнча МСКБнын башчысы тарабынан (Кадыркулов Р.Б..):
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
- салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн иш күчөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |