ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын X кезектеги сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 32/10-5
Токмок шаарынын мэриясына Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун долбоорлорду тандап алуу боюнча сынакка катышууга макулдук берүү, демилгелүү жана мониторинг топторунун курамдарын бекитүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 28-январындагы №191/1-4 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин биргелешкен комиссиясынын 2022-жылдын 4-февралындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясына 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген 8600,0 миң сом суммасында кошумча каржылоо шартында Чүй облустук өнүктүрүү фондунун долбоорлорун тандоо боюнча сынакка катышууга макулдук берилсин.
2. Демилгелүү топтордун курамы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча топтордун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №32/10-5 токтомуна 1-тиркемеси |
“Токмок шаарынын №5 орто мектебинин терезе блокторун алмаштыруу”
долбоорун ишке ашыруу үчүн демилгелүү топтун курамы
Исабеков Ч.А. - Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Туратбек уулу А. - Токмок шаарынын мэриясынын башкы адиси;
Токтобеков А. - Токмок шаарынын Муниципалдык менчик
башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча адиси;
Исманова Г.Ж. - Токмок шаарынын Муниципалдык менчик
башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Байтемирова А.Дж. - «Аян Токмок» ТЭШинин төрайымы;
Бейшеева Д. Ж. - «Хрущевка в центре» ТЭШинин мүчөсү;
Абдымомунова Н.К. - Токмок шаарынын №5 орто мектебинин директору.
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы №32/10-5 токтомуна 2-тиркемеси |
“Токмок шаарынын №12 орто мектебинин жылуулук тармагын капиталдык оңдоо”