Редакцияот 26.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма сегизинчи кезексиз сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 26 - марты № 28/1

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим –Дөбө айылынын Күңгөй Тепши участкасынан Кыргыздын улуттук оюну болгон көкбөрүнү өнүктүрүү максатында жана жаштарды спортко тартуу максатында 2га жер тилкесин көк бөрү улак оюунун ойноо аянтчасын бөлүп берүү жана аталган аянтчага ( аянтчаны карап түзөө максатында) Сапарбаев Төрөбектин атын коюу жөнүндө

Жетим -Дөбө айылынын элдик жыйындын протоколунун негизинде депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин (VI-шайланган) жыйырма сегизинчи кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим –Дөбө айылынын Күңгөй Тепши участкасынан 2га жер тилкесин көк бөрү улак оюунун ойноо аянтчасына бөлүнүп берилсин жана аталган аянтчага Сапарбаев Төрөбектин аты коюлсун.

 

2. Жер тилкесин мыйзамдаштыруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Маманов Рустамга милтеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кеңештин агрардык азык түлүк айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.

 

Кара-Гуз айыл

кеңешинин төрагасы;

 

С.Оморов.