Редакцияот 26.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма сегизинчи кезексиз сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 26 - марты № 28/2

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Калматай айылынын элдик жыйындын протоколунун негизинде Кыз мазар участкасынын үсту жагындагы дөңсөөдөн Ак топурак алууга карер үчүн 10 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Гуз айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгү карер ачуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап 6-чакырылыштын кезекесиз 28- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Калматай айылынын Кыз- мазар участкасынын үсту жагындагы дөңсөөдөн ак топурак алууга( жаратылышка зыян бербеген шартта) карер үчүн 10 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2. Жер тилкесин мыйзамдаштыруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Маманов Рустамга милтеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кеңештин агрардык азык түлүк айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу , жер жана жер ресурстары , экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.

 

Кара-Гуз айыл

кеңешинин төрагасы;

 

С.Оморов.