Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2019-жылдын 29 - июлу № 34-6
Жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагындагы Макаренко, Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун сурап жазган арыздарын канаттандыруу максатында Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик турак-жай курууга Макаренко айылынан - №291 контурда 10,81 га жайыт, Шоро-Башат айылында «Шоро» учаскасында №399 контурда 2 га жайыт, «Чалдыбар» - участкасында №12 контурда 5 га жайыт, «Комплекс» участкасында - №214 - контурда 6,45 га жайыт, Бостон айылында №1443 контурда 6,5 га жайыт, «Изолятор» участкасында-№1443 контурда 4,60 га жайыт , №1409 контурда 7 га жайыт, № 1350 контурда 5 га жайыт, Ана-Кызыл айылында - №1430 контурда 0,5 га жайыт, №816 контурда 3,16 га жайыт №817 контурда 6,31 га жайыт №838 контурда 0,5 га жайыт, №812 контурда 11,20 га кайрак айдоо, жалпысынан 69,03 га жер тилкеси, анын ичинен 57,83 га жайыт, 11,2 га кайрак айдоо «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Ахмедов |