АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 18 - октябры № 8
“Ижарага теректерди алып жүргөн А.Коккозовдун кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 18-октябрындагы кезектеги 3- сессиясы Маданият айылынын тургуну А.Коккозовдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны А.Коккозовго ижарага берилген теректердин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.
2. А.Коккозов КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесип , суюлтууга макулдук суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн .
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |