АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 18 - октябры № 9
Эсенбек Дуйшеев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 18-октябрындагы кезектеги 3- сессиясы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебинин директолру Н.Умбеталиеванын кайрылуусун карап чыгып ,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылындагы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын салуу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Көк-Таш айылындагы Э.Дуйшеев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын салуу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнун жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | К.Жорготаев |