ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 9 - сентябры № 30/6-8
“ А.Рахманов жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту, 44-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык мэриясынын 06.09.2021-жылдагы №01-21/1458 сандуу сунуштамасынын негизинде, Талас шаардык мэриясынын биринчи вице-мэр бош кызмат ордуна Рахманов Асылбек Рахмановичти дайындоого макулдук жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын биринчи вице-мэр бош кызмат ордуна Рахманов Асылбек Рахмановичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А.Жусупбеков |